Жаңылыктар
Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Садыр Жапаров Өзбекстандын Президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен телефон аркылуу сүйлөштү. Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду "Кумтөр" алтын кенинин макамы боюнча "Центерра" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү аякташы жана тийиштүү келишимге кол коюлушу менен куттуктады. Мамлекет башчылары кыргыз-өзбек эки тараптуу кызматташуусунун актуалдуу маселелерин талкуулап, аймактык күн тартибиндеги маселелер боюнча пикир алышты.

Президент Садыр Жапаров Баткен облусуна эки орто мектепти куруу, Бабур атындагы Ош мамлекеттик академиялык өзбек музыкалык драма театрын реконструкциялоо маселесин чечүүдө өзбек тарапка ыраазычылык айтты. 

Садыр Жапаров Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга пландалган иш сапары эки мамлекеттин ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишенимин билдирди. 

Мамлекет башчысы 2022-жылдын 26-27-майында Бишкек шаарында өтө турган Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жана Евразиялык экономикалык форумдун жыйынына Өзбекстандын Президенти өзү катышарын күтүп жатканына көңүл бурду. Сүйлөшүү соңунда мамлекет башчылары ыйык Орозо айынын башталышына байланыштуу бири-бирин куттукташты.