Жаңылыктар
Өкмөт кубаттуулугу 6 ГВт ашкан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду аныктады
Кыргызстан жаңылыктары
Өкмөт кубаттуулугу 6 ГВт ашкан гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча долбоорлорду аныктады

Министрлер Кабинети 2030-жылга чейин кубаттуулугу 6 ГВттан ашуун гидроэнергетиканы өнүктүрүү боюнча артыкчылыктуу долбоорлорду аныктады. Бул тууралуу Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бишкекте өткөн эл аралык энергетикалык форумда билдирди. 

Суу-энергетикалык дараметти  натыйжалуу пайдалануу максатында ири ГЭСтерди куруу жагы каралууда. Болжолдуу эсептер боюнча инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга 14 миллиард доллар керектелет.