Жаңылыктар
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда
Кыргызстан жаңылыктары
Бишкекте мыйзамсыз курулуштар алынууда

Бишкек мэриясынын шаарды көрктөндүрүү жана жер пайдаланууну көзөмөлдөө боюнча муниципалдык инспекциясы борбор калаада тартипти орнотууну улантууда. Муниципалитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, инспекторлор күн сайын муниципалдык жерлерди мыйзамсыз курулуштардан бошотуу боюнча иш алып барып, өз ыктыяры менен демонтаждоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, эскертүүлөрдү берүүдө. Жыйынтыгында Ч. Валиханов атындагы көчөдөгү бетон тосмолор алынып салынды. Ошондой эле Тагай бий жана Жакшылык көчөлөрүнүн кесилишиндеги жеңил объект, Сыдыков көчөсүндөгү темир бастырма, Чыгыш-5 кичи районундагы темир конструкция, Лермонтов көчөсүндөгү күркө, Огонбаев жана Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишиндеги плов сатылып жаткан күркө, Жибек-Жолу - Турусбеков кесилишиндеги капиталдык курулуш, Коенкөзов - Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде 2 жеңил объект, Тагай бий жана Тунук көчөлөрүнүн кесилишиндеги чач тарач, Өмүракунов жана Таттыбүбү Турсунбаева көчөлөрүнүн кесилишиндеги пайдубал, Тыныстанов көчөсүндөгү "Ала-Тоо" кафеси алынды.