Жаңылыктар
Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгы
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын кызматташтыгы

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Борбор Азия өлкөлөрү боюнча аймактык директору Татьяна Проскурякованы кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан региондук жана эл аралык бирикмелердеги экономикалык интеграцияны тереңдетүү, энергетика тармагын өнүктүрүү, жагымдуу инвестициялык климатты түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын пайдаланууну кеңейтүү сыяктуу багыттарда мындан ары кызматташуу маселелерин талкуулашты.  

Тараптар ошондой эле Россия менен Украинанын ортосундагы түзүлгөн кырдаалды, анын ичинде биздин өлкөнүн экономикасына тийгизген таасирин талкуулашты. Акылбек Жапаров Кыргызстанды Украинадагы кырдаал тынчсызданууну жаратып жатканын белгиледи. "Кыргызстан калыс жана бейтарап позицияны карманууда. Биз Россия менен Украинанын өкүлдөрүнүн ортосунда жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдү кубаттайбыз", - деди Министрлер Кабинетинин башчысы.Өз кезегинде Татьяна Проскурякова чатакташкан тараптардын ортосунда тынчтык келишими орун алаарына ишеним билдирип, өлкөбнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн негизги багыттарында жана Министрлер Кабинети тарабынан көрүлүп жаткан бардык чараларга көмөк көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Дүйнөлүк банктын аймактык директору ошондой эле Бишкекте өткөн "Кыргызстандын энергетика тармагын трансформациялоо" форуму мыкты жана жогорку деңгээлде уюштурулганын белгиледи.