Жаңылыктар
Президенттин абалы канааттандырарлык
Ден соолук
Президенттин абалы канааттандырарлык

Президент Алмазбек Атамбаевдин абалы канааттандыраарлык. Бул туурасында Президенттик аппараттын башчысы Фарид Ниязов билдирди. 

Анын айтымында эртең менен мамлекет башчысы телефон аркылуу байланышып, аппарат жетекчиге бир катар тапшырмаларды берген. “Азырынча ооруканага жаткыруу боюнча сөз боло элек. Алдыдагы дарылануу туурасында дарыгерлер жакын арада бүтүм чыгарышат”,- деп билдирген Фарид Ниязов.

Ошондой эле , мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев учурда Түркиядагы мейманканалардын биринде экенин кошумчалаган. Президенттин аппараты ошондой эле медициналык текшерүүдөн өтүү зарылдыгына байланыштуу Алмазбек Атамбаев бүгүндөн тарта кыска мөөнөттүү өргүүгө чыкты. Болжол менен өргүү 2016-жылдын 1-октябрына чейин созулушу мүмкүн.




Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118