Жаңылыктар
Президент 3 жашар Исхактын үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылууга тапшырма берди
Кыргызстан жаңылыктары
Президент 3 жашар Исхактын үй-бүлөсүн турак-жай менен камсыз кылууга тапшырма берди

Кара-Cуу шаарындагы базарда контейнер алдында жерде уктап жаткан баланын сүрөтү көптөгөн электрондук басылмаларда жарыяланган соң Президент бул баланы таап, анын үй-бүлөсүнө колдон келген жардамды берүүнү тапшырды. 

Бул тапшырманы Президенттин Аппарат жетекчиси Фарид Ниязов Өкмөттүн вице-премьер-министри Гүлмира Кудайбердиевага жана Өкмөттүн Ош облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Таалайбек Сарыбашевге берди. 

Мамлекет башчысынын тапшырмасына ылайык, Өкмөт өлкөдө эне менен баланы коргоо маселелерине байланышкан кырдаалды кайрадан терең талдоосу зарыл.