Жаңылыктар
"Үркүн" тарыхый окуясына байланыштуу тасма тартылат
Кыргызстан жаңылыктары
"Үркүн" тарыхый окуясына байланыштуу тасма тартылат

Быйыл  "1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүшүнө” 100 жыл болот. Тарыхый окуяга байланыштуу “Үркүн” тасмасы тартыла баштайт. Бул туурасында “Саякбай манасчы” коомдук фонддун президенти Саматбек Ибраев билдирди.

 Башкы демөөрчүнүн айтымында, тасманын саясат менен байланышы жок, таалим-тарбиялык гана  маанини камтыган тасмада негизинен,  бир кыргыз үй-бүлөнүн ошол апааттуу учурдагы турмушу кенен чагылдырылмакчы.  Кыргыз менен Кытай жергесинде тартылуучу фильмге азырынча фонддон 17 миллион сом акча каралды. Тасмага элге таанылбаган жаңы жүздөр да катышат дейт, - кино жаратуучулар. 

Маалымат үчүн айта кетсек, Биринчи дүйнөлүк согуш учурунда Түркстан чөлкөмүнөн букараларды аскерге чакыруу жергиликтүү калк ичинде нааразылык жаратып, ал Кыргызстанда улуттук-боштондук кыймылы мүнөзүнө өтө баштаган.

 Орус падышачылыгынын саясатына каршы чыккан Нарын, Чүй, Ысык-Көлдүн тургундары жөө-жалаң Кытайга качкан. Тарыхчылардын айтымында, 1916-жылдагы трагедия учурунда, кыргыз калкынын 40% Бедел ашуусунда кыргынга кабылган.