Ушул жылы апрель айында Израиль мамлекетинде жашаган кыргыз жарандарынын укуктарын жана кызыкчылыктарын коргоо боюнча иштердин алкагында Кыргызстандын Түркиядагы Элчилиги тарабынан жарандарга жер-жерлерде консулдук кызмат көрсөтүлдү.
Иш-чаранын жүрүшүндө жалпы жарандык паспортту алмаштыруу үчүн арыздарды кабыл алуу, консулдук каттоого тургузуу, биометрикалык маалыматтарды чогултуу үчүн жарандар кабыл алынды, ошондой эле консулдук-укуктук чөйрөдө түшүндүрмө берилди.