Ушул жылдын 28-март күнү Ысык-Ата РИИБүнө арыз менен 1952-жылы туулан Н.В., кайрылган. Себеби белгисиз адам тарабынан анын үйүнөн ага таандык болгон велосипед, курулуш инструментерин акча каражаттарын уурдап кеткендигин билдирген.
Жогорудагы факт кылмыштардын бирдиктүү реестрине КР Кылмыш-кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) боюнча катталган. Милиция кызматкерлери траабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 2003-жылы туулган С.К.,. аттуу жаран кармалып, тергөө кызматына жеткирилди. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында, шектүү дагы 2 факт уурулука тиешеси бар экендиги аныкталган. Териштирүү иштери улантылууда.