Жаңылыктар
Нарын шаарынын милицияларына жаңы үлгүдөгү формалар берилди
Аймак
Нарын шаарынын милицияларына жаңы үлгүдөгү формалар берилди

Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Ат-Башы районуна иш-сапары менен барып, өздүк курам менен жоолугушуп, жаңы формаларды тапшырды. Ошондой эле,элдин милицияга болгон ишенимин көтөрүү боюнча бир канча маселелер козголду. Мындан тышкары Президенттин Жарлыгы, ИИМ тарабынан коюлган тапшырмаларкынтыксыз иштөөгө бир катар талаптарды койду.

Жогорудагы атайын алынып келинген формалар облус аймагындагы шаар,райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө жана балдар иштери боюнча инспекторлоруна Нарын ОИИБнин жетекчилиги тарабынан жерине жеткирилип берилмекчи.

Бүгүндөн баштап Нарын ОИИБнин милициянын аймактык ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жаңы берилген атайын формада кызмат өтөөгө чыгышат.