Жаңылыктар
Баткен облустук милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда
Чек ара
Баткен облустук милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда

Баткен облустук милициясынын өздүк курамы күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда. Башка күч органдары менен бирге чек ара аймагында абалды көзөмөлдөшүүдө. 

Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, Баткен жана Согди облустарынын милиция кызматкерлери чек арага чектеш Лейлек районунун Максат, Арка-2, Жаштык, Борбордук, Достук айылдарында жана Согди облусунун Б. Расулов районуна чектеш аймакта биргелешкен кайгуул иштерин жүргүзүүдө. 

Жаңы-Жер жана Кулунду айыл аймактарында жергиликтүү элдин коопсуздугун камсыздоо максатында күнү-түнү кайгуул посттору коюлуп, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринде жол кыймылынын коопсуздугун, унаалардын үзгүлтүксүз каттамын камсыздоодо. Учурда кыргыз-тажик чекарасында абал туруктуу.