Жаңылыктар
Чек ара: жергиликтүү калк убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды
Чек ара
Чек ара: жергиликтүү калк убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды

Баткен облусунун Лейлек районунда кечээ күнү мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде катталган кырдаалга байланыштуу жергиликтүү калк туугандарына жана убактылуу жайгаштыруу пункттарына эвакуацияланды.

Баткен облусу боюнча жалпы 644 жаран, алардын ичинен 53ү эркек, 246 аял, 345 жаш балдар убактылуу пункттарга жайгаштырылган, 50 тургун туугандарынын үйлөрүнө кайтышты.

Учурда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан облус аймагында 1700 орундуу 13 убактылуу жайгаштыруу пункттары даярдалды.

Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагынын Достук, Арка, Борбордук, Жаштык, Максат айылдарынын тургундары Маргун жана Бешкент айылына, ал эми Интернационал, Кулунду, Раззаков, Ак-Арык, Булак-Башы айылдарынын тургундары И. Раззаков шаарына, Эскиоочу айылынын тургундары Лайли айылындагы убактылуу пункттарга эвакуацияланды.

Ал эми Баткен району боюнча Ак-Татыр айыл аймагына караштуу Орто-Боз айылынын тургундары Ак-Татыр айылына, Ак-Сай жана Самаркандек айылынын тургундары Баткен шаарына жана Рават айылына жайгаштырылды.