Жаңылыктар
ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев расмий жумушуна киришти
Кыргызстан жаңылыктары
 ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев расмий жумушуна киришти

Эл аралык ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев расмий жумушуна киришти. ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун кеңсесинде Башкы катчынын ишке киришүү аземи өттү. 

Салтанатка Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Маданият жана туризм министри Мехмет Нури Эрсой, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Багдад Амреев, элчилер, коомчулук, массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышты.