Жаңылыктар
Чек ара: Баткен жана Лейлек райондорунда абал туруктуу
Чек ара
Чек ара: Баткен жана Лейлек райондорунда абал туруктуу

Баткен жана Лейлек райондорунда абал туруктуу жана көзөмөлдө экенин Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев билдирди. 

Айтымында, кыргыз-тажик чек арасында орун алган окуя боюнча жеринде текшерүү иштери жүргүзүлүп, элдин коопсуздугун камсыздоо аракеттери колго алынган. Жаңы-Жер, Максат, Кулунду айылдарында абал жеринен көзөмөлдөнүүдө. Ал эми тажик тарап менен сүйлөшүүлөр азыр да уланып жатат.