Жаңылыктар
Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөдү
Чек ара
Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөдү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаал туруктуу деп мүнөздөдү. Түн тынч өттү, атышуулар катталган жок. 

"Кулунду" жана "Овчи-Калча" көзөмөл өткөрүү жайларынын ортосундагы аймакта Баткен жана Согди облустарынын жетекчилеринин жолугушуусу болду. 

Жолугушууга Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара ведомстволорунун жетекчилери, тараптардын эки облусунун укук коргоо органдарынын жетекчилери катышты. 

Анын жүрүшүндө тараптар кошумча күч жана каражаттарды туруктуу жайгашкан жайларына алып чыгууну контролдоо боюнча, чыр-чатак орун алган жерде эки республиканын делегацияларынын кеңейтилген курамдагы жолугушуусун өткөрүү тууралуу макулдашууга жетишти. Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүштү.