Жаңылыктар
Кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу жыйынтыкталды
Чек ара
Кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу жыйынтыкталды

Кыргыз-тажик эки тараптуу жолугушуусу жыйынтыкталды. Бул боюнча Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев маалымдады. 

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы менен чек ара тилкесиндеги абалды туруктуу сактоо боюнча түндөгү окуянын үстүнөн биргеликте иштөө макулдашууларына жетишилди. 

Облус башчысынын айтымында учурда аймакта абал туруктуу жана жооптуу күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө.