Жаңылыктар
Лейлек жана Баткен райондорунун айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда
Чек ара
Лейлек жана Баткен райондорунун айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда

Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташа баштагандыктан, айыл тургундары өздөрүнүн үйлөрүнө кайтышууда.

Жакындарынын үйлөрүнө өз алдынча эвакуацияланган 17799 жарандын ичинен 8687 адам туруктуу жашаган ордуларына кайтышты.

Ошондой эле, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган Лейлек районунун 554 жараны толугу менен жана Баткен районунан 33 адам үйлөрүнө кетишти. 

Мындан сырткары 80ге жакын куткаруучу тартылып, тиешелүү 7 техника даярдыкта турат. Жарандарды ташуу үчүн райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 44 унаа тартылды. Эскерте кетсек, абал курчуган айылдардан жалпы 18507 жаран эвакуацияланган.