Жаңылыктар
Лейлек жана Баткен райондорунда абал туруктуу жана тийиштүү күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө
Кыргызстан жаңылыктары
Лейлек жана Баткен райондорунда абал туруктуу жана тийиштүү күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө

Түндөгү орун алган кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан кийин Лейлек жана Баткен райондорунда абал туруктуу жана тийиштүү күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө. Ал эми коопсуз жайларга эвакуацияланган айыл тургундары өз үйлөрүнө кайтышты. Окуя болгон жерде эки өлкөнүн облустарынын жетекчилери жолугушуп, сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын жыйынтыгы менен чек ара тилкесиндеги абалды туруктуу сактоо боюнча макулдашууларга жетишилди. Учурда Чек ара кызматы кыргыз-тажик тилкесин көзөмөлдөп турат.