Жаңылыктар
Чек ара: Баткен облусунда абал туруктуу, түн тынч өттү
Чек ара
Чек ара: Баткен облусунда абал туруктуу, түн тынч өттү

14-апрелге карата Баткен облусунун аймагында абал туруктуу, түн тынч өттү.

Учурда күч структуралары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатат. Ал эми облус башчысы Абдикарим Алимбаев, чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жана Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары Айбек Шаменов Лейлек районунда тиешелүү иштерин алып барышууда.