Жаңылыктар
Чек ара: Эвакуацияланган 17 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайтып барышты
Чек ара
Чек ара: Эвакуацияланган 17 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайтып барышты

Баткен облусунда кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан улам эвакуацияланган 17 миңден ашык жаран үйлөрүнө кайтып барышты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиргендей, Лейлек жана Баткен райондорунда абал турукташып, ӨКМ тарабынан убактылуу жайга жайгаштырылган 708 адам туруктуу жашаган ордуларына жеткирилди. Туугандарыныкына жайгашкан жарандар да үйлөрүнө кайтып барышты. 

Жарандарды ташуу үчүн ӨКМдин 80ге жакын куткаруучусу, 3 миң 500 литр күйүүчү май, 200 комплект төшөк жана райондук Жарандык коргонуунун автотранспорт кызматынан 40тай спринтер, жеңил унаалар тартылды.