Жаңылыктар
Руслан Казакбаев ЕБнын БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү
Саясат
Руслан Казакбаев ЕБнын БА боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Европа Биримдигинин Борбордук Азия боюнча атайын өкүлү Тери Хакала менен телефон аркылуу сүйлөштү. 

Эки тараптуу күн тартибиндеги маселелерди талкуулоодо тараптар Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүктү жана кызматташтыкты кеңейтүү, чыңдоо максатында жакынкы келечектеги келишимдерди, пландарды ырааттуу ишке ашыруу ниетин ырасташты. 

Бул биринчи кезекте пландаштырылган жогорку деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралар, жолугушуулар, сапарлар. 

Мындан тышкары, тараптар Кеңейтилген өнөктөштүк жана кызматташтык жөнүндө макулдашууга кол коюуга даярдыкты талкуулашты. 

Ошондой эле сүйлөшүүнүн жүрүшүндө регионалдык саясат жана коопсуздук маселелери боюнча пикир алмашты.