Жаңылыктар
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишин расмий баштады
Экономика
Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишин расмий баштады

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду ишин расмий баштады. Анын ачылышына Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров жана Өзбекстандын өкмөт башчысынын орун басары Сардор Умурзаков катышты. 

Фонд тараптардын чарба субъектилеринин соода, инвестициялык жана финансылык алакаларын тереңдетүү жана кеңейтүүгө өз-ара кызыкдарлыгын эске алуу менен иш алып барат. Каржылай турган негизги багыты - ишкерчилик. Анын ичинен экономиканын маанилүү тармактары болгон айыл чарба жана туризм, кайра иштетүү, өндүрүш, транспорт жана логистика болмокчу. Башкы максат - эки өлкө ортосундагы соода жана каржы мамилелерин кеңейтүү.