Жаңылыктар
Өзбек-Кыргыз фонду эки өлкөнүн бизнес коомчулугуна ири мүмкүнчүлүк берет
Экономика
Өзбек-Кыргыз фонду эки өлкөнүн бизнес коомчулугуна ири мүмкүнчүлүк берет

Кыргызстан менен Өзбекстан 900 миллион долларды түзгөн соода жүгүртүүсүн 2 млрд долларга жеткирүү пландалган. Өзбекстанда кыргыз капиталын пайдаланган 168 ишкана болсо, Кыргызстанда Өзбекстан менен биргелешкен 200гө чукул ишкана өз ишмердигин жүргүзүп келет. 

Мындан ары дагы достуктун, ынак коңшулуктун жана стратегиялык өнөктөштүк духунда эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнүн айкын мисалы катары өзбек-кыргыз өнүктүрүү фондунун түзүлгөнүн айтсак болот.