Жаңылыктар
Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын акыркы тобу келишти
Кыргызстан жаңылыктары
Ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын акыркы тобу келишти

“Манас” аба майданына өлкөнүн түндүк региондорунан Сауд Арабиясына ажылык сапарга аттанган зыяратчылардын соңку бөлүгү келип конду. Аэропортко 18-19-сентябрда 600 ажыны салган учак келген, бүгүн дагы 300 ажыны салган учак келип конду. 

Эми эртеңден тарта Ош шаарына күнүгө бир жолудан рейс каттай баштайт. Мусулмандар дин башкармалыгы билдиргендей, ар бир каттам сайын 250 ажы парзын өтөгөн адам келет. 

Быйыл ажылык сапардын чыгымы 2600 доллар деп бааланып, Кыргызстандан 3685 киши аттанып, анын баасы 2600 долларды түзгөн. Жалпы 4 миңден ашуун адам зыярат кылып келүү ниети менен кайрылып, атайын орундар чүчү кулак аркылуу тандалып алынган. Бүгүн келген ажыларды тууган-уруктары жана муфтияттын өкүлдөрү тосуп алышты.



Элдик Репортер КТРК : кызыктуу окуяларга, маалыматтарга күбө болсоңуз (фото, видео) бизге жөнөтүңүз!
WhatsApp +996551748118
Элдик Репортер КТРК : присылайте нам ваши видео, фотографии, заметили что-то интересное- отправляйте нам!
WhatsApp +996551748118