Ал кайрадан экинчи окууга жөнөтүлдү. Долбоордо чөп аз өсүп калган жайыт жерлерди дыйкандарга башка максатта колдонууга берүү каралган. Ага каршы болгон эл өкүлдөрү мамлекеттин жери жеке тараптарга биротоло өтүп кетет деп кооптонот. Бирок мыйзам долбоорун иштеп чыккандар муну четке кагууда.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына таянсак Кыргызстанда 9 миллион гектар жайыт жерлер бар. Анын 500 миң гектары кунарсыз же чөп жакшы өспөй калган.
Министрлер кабинети мал жайууга мүмкүн болбой калган дал ошол жерлерди дыйкандарга убактылуу пайдаланууга берип, бак тигүүгө уруксат берүүнү максат кылууда. Бирок аны жөнгө салуунун жол-жоболору камтылган мыйзам долбоору эл өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган жок. Каршы чыккан депутаттар жайыт жерлер жеке менчикке биротоло өтүп кетээрин жүйөө келтиришти. Айыл чарба министрлиги мындай кооптонууга негиз жок экенин билдирүүдө.