Жаңылыктар
УКМК 82 миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтуруу боюнча билдирди
Кыргызстан жаңылыктары
УКМК 82 миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтуруу боюнча билдирди

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 82 миллион сомдон ашык зыяндын ордун толтуруу боюнча билдирди. УКМК жана Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы менен бирдикте, Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 1-бөлүмү менен козголгон кылмыш ишинин алкагында Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан "Бишкек машина куруучу завод" ишканасына таандык жалпы аянты 62 га жер тилкесин кайтарып берүү түрүндөгү 82 млн сомдон ашык суммадагы зыяндын ордун толтурду. Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмышты уюштурууга прокуратуранын, Сокулук районунун мамлекеттик реестринин жана Бишкектеги машина куруучу заводдун кызмат адамдарынын түздөн-түз катыштыгы бар экендиги аныкталган.

Жүргүзүлгөн кылмыш ишинин алкагында Башкы прокуратуранын кызматкери, "БМЗ" ААКнын кызматкери жана эки жаран кармалды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүрүп жатат.