Жаңылыктар
Мамлекеттик салык кызматы: 3 айда салык боюнча план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды
Кыргызстан жаңылыктары
Мамлекеттик салык кызматы: 3 айда салык боюнча план 1,1 млрд сомго ашыгы менен аткарылды

Ушул жылдын 1-кварталында салык боюнча план 1 млрд 125 млн сомго ашыгы менен аткарылып, мамлекеттик бюджетке 36 млрд сомдон ашык жыйналган. Бул 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14 млрд сомго көп. Бул туурасында салык кызматынын 3 айдагы ишинин жыйынтыгын чыгарган коллегияда айтылды. Мекеменин төрагасы Алтынбек Абдувапов белгилегендей, салыктар боюнча планды ашыгы менен аткаруу салыктык башкарууну жакшыртуу жана жаңы санариптик чечимдерди киргизүү боюнча көрүлгөн чаралардын аркасында мүмкүн болду. Мамлекеттик салык кызматынын башчысынын айтымында, быйылкы жылга Салык кызматынын алдына 155 млрд сом салыктарды жана 41 млрд сомдой камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултуу боюнча чоң тапшырма коюлган.

"Милдет оңой эмес, бирок салык органдары салык жана камсыздандыруу төгүмдөрү боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү толугу менен аткаруу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт", – деди Салык кызматынын төрагасы.