Жаңылыктар
БУУдан жаңы декларация
Саясат
БУУдан жаңы декларация

Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы мигранттар жана качкындар жөнүндө декларация кабыл алды. Уюмга мүчө мамлекеттер - жакынкы эки жылдын ичинде миграция маселесин жөнгө салууну жана качкындарды бөлүштүрүү жоопкерчилиги боюнча макулдашууларды талкуулайт.

Дүйнөдө качкындардын саны болуп көрбөгөндөй көбөйдү. Тагыраагы 21 миллион 300 миңге жетти. Ошондуктан Бириккен улуттар уюмунун Башкы ассамблеясы мигранттар тууралуу декларация кабыл алды. Уюмга мүчө делген 193 мамлекет бир добуштан документти жактады. Эми ага ылайык эки жылдын ичинде качкындар тууралуу олуттуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт.

Баардык тараптарга төп келген декларация кабыл алынды. Тагыраагы мамлекеттер глобалдуу эки келишимди иштеп чыгышы керек. Алар качкындарды кабыл алуу жоопкерчилиги жана миграцияны жөнгө салуу. 

Жаңы кабыл алынган декларацияга ылайык качкындарды кабыл алуунун мүмкүнчүлүгү тереңирээк каралат. БУУнун Баш катчысы Пан Ги Мун жок дегенде жылына качкындардын 10 пайызы жайгаштырылышы керектигин билдирген. Бирок укук коргоочу жана гуманитардык топтор мындай план натыйжа алып келбесин айтууда. 

Былтыр, миллиондон ашуун качкындардын көйгөйү европа мамлекеттери ортосунда карама-каршылыктарды жараткан. Анын баары бөлүштүрүү жоопкерчилигинен улам чыккан. Буга байланыштуу мигранттарды кабыл алуучу тарапта ыңгайлуу шарттар түзүлмөкчү.