Жаңылыктар
Бишкекте БУУнун долбоору ишке кирди
Экономика
 Бишкекте БУУнун долбоору ишке кирди

Бишкекте БУУнун кезектеги долбоору иштей баштады. Анын ачылышына мамлекеттик мекемелердин жана уюмдун өнөр-жай боюнча мекемеси ЮНИДОнун Венадагы кеңсесинен бери өкүлдөр келген.

Бул долбоорду Орусия каржылап 2 миллион доллар бөлгөн. Бул аракеттерди бекемдеген Бириккен улуттар уюмунун ЮНИДО жана өлкөнүн тиешелүү эки министрлигинин биргелешкен долбоору расмий ишин баштады. 

Долбоор ишке кирсе ириде экономика өрүш алып, жумушсуздук көйгөйү жеңилдейт. Болгону мурдагыдай чаржайыттык жоюлуп, баары ишканага биригет. Ысык-Көлдүн алма, алмурут, карагат, картөшкө, өрүк сыяктуу мөмө, жер жемиштери, балыгы экспортко кетет. Мындай болгондо өзгөчө жергиликтүү элге пайдалуу. Экинчи жагы туризм. 

Жыйынга катышкан Орусиянын Кыргызстандагы элчиси көлгө келген орусиялык саякатчылардын саны жылдан-жылга көбөйөөрүн белгиледи.