КТРК менен бир катар уюмдардын ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду. Ага ылайык укук маселесине байланыштуу жана балдарды окутуу багытындагы долбоорлор ишке ашырылат. Өнөктөш уюмдар жаңы көрсөтүүлөрдү даярдоого көмөктөшөт.
USAID уюмунун келечек муунга билим берүүнү максат кылган “Окуу керемет” жана калктын укуктук сабаттуулугун жогорулатууга багытталган “Укук булагы” долбоорлору КТРК аркылуу ишке ашырылат. Аталган долбоорлордун жетекчилери менен кызматташуу келишимине кол коюлду.
Лиана Гертч USAID уюмунун “Окуу керемет” долбоорунун директору:
“Окуу керемет долбоору үчүн бул келишим өзгөчө мааниге ээ. Анткени эми көркөм окуу менен математиканы өздөштүрүүнүн артыкчылыктарын кеңири аудиторияга жеткире алабыз. Биз телеканалдын мүмкүнчүлүгү аркылуу билимди өркүндөтүүнүн эң натыйжалуу ыкмаларын сунуштайбыз”.
Фред Хьюстон USAID уюмунун “Укук булагы” долбоорунун директору:
“Биз эми КТРК аркылуу Кыргызстандын элине укук маселесине байланышкан маалыматтарды жеткиребиз. Кесипкөй адистер эң зарыл кеңештерди берип турушат. Калктын юридикалык кызмат алуусуна карата суроо-талаптары аныкталат. Бул мамлекеттик органдардын эл эмнеге муктаж экенин билүүсүнө шарт түзөт”.
Кызматташтык макулдашуусу Эл аралык “IDLO” укукту өнүктүрүү уюму жана Кризистик борборлордун ассоциациясы менен да жетишилди.
Дилбара Максимбекова “IDLO” эл аралык укукту өнүктүрүү уюмунун директору:
“Экономикалык талаш-тартыштарды сотко жеткирбей жөнгө салуу же коммерциялык медиация Кыргызстанга абдан керек. Анткени инвестициялык абалды жакшыртуу үчүн чарбалык келишпестиктерди жоюу зарыл. Бул маселелерди чагылдырууда Коомдук телерадиоберүү корпорациясынан жардам күтөбүз”.
Жаңы көрсөтүүлөрдү даярдоо үчүн өнөктөш уюмдар тиешелүү жардамдарды беришет.
Кызматташуунун алгачкы кадамдардары жасала баштады. Биринчилерден болуп “Окуу керемет” долбоору колун сунду. Атайын окуу куралдары алып келинген.