Жаңылыктар
Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын утту
Спорт
Азия чемпионаты: Жоламан Шаршенбеков Азия чемпионатында алтын утту

Кыргызстандык балбан Жоламан Шаршенбеков Монголиядагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту. Шаршенбеков 60 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык балбанды 8:0 эсебинде күрөштүн биринчи бөлүгүндө эле жеңип алган. Ал эми жарым финалда казакстандык Ернур Фидахметовго каршы килемге чыгып, кыргыз балбаны атаандашынын упай артыкчылыгы менен утуп алды. Финалда Жоламан Шаршенбеков ирандык Мехри Мохсен менен күрөштү. Кармаш кызуу башталып, кыргызстандык балбан Мехри Мохсенди көтөрүп чапканда ал кабыргасынан жаракат алды. Ирандык балбан күрөшө албай турганын билдиргенде жеңиш Шаршенбековго берилди.

Азия чемпионатынын биринчи күнүндө Акжол Махмудов жана Тынар Шаршенбеков алтын медаль багындырса, Роман Ким коло медалга, дагы бир балбан Үзүр Жусупбеков да коло байгеге ээ болду. Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өтүүдө. Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.