Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары аяктады
Саясат
Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга расмий сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 19-20-апрелде болгон расмий сапары аяктады. 

Расмий сапарынын биринчи күнүндө мамлекет башчысы Баку шаарындагы "Ардак аллеяга" барып, Азербайжандын улуттук лидери Гейдар Алиевдин жана анын жубайы Зарифа Алиеванын элесине таазим кылды. Кыргызстандын делегациясы "Шейиттер аллеясында" Азербайжандын курман болгон баатырларынын элесин эскеришти. 

20-апрелде "Загулба" президенттик сарайында эки өлкөнүн лидерлери Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу болду. Кыргызстандын Президентин ардактуу кароол тосуп алды.

Аземден кийин мамлекет башчылары тет-а-тет форматында, андан соң кеңейтилген курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Өлкө лидерлери эки тараптуу кызматташуунун кеңири спектрин, анын ичинде соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана инвестициялык тармактардагы кызматташууну талкуулашты. Жыйынтыгында биргелешкен кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган эки тараптуу 10 документке жана келишимдерге кол коюу аземи болду. 

Эң маанилүү документ болуп эки өлкөнүн өз ара аракеттенүүсүн сапаттык жаңы деңгээлге алып чыккан Стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө декларация болду. 

Сүйлөшүүлөрдөн кийин Президент Садыр Жапаров Азербайжандын ири бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү менен жолугушуп, аларды тоо-кен өнөр жайы, гидроэнергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы ири жана келечектүү долбоорлорго инвестиция салууга чакырды. Жолугушуунун жүрүшүндө Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Азербайжандын Экспортту жана инвестицияларды илгерилетүү агенттигинин ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумга кол коюлду. 

Мамлекет башчысы Милли Межлистин Төрайымы Сахиба Али кызы Гафарова менен жолугушту. Жолугушууда эки тараптуу саясий, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Расмий сапарын аяктаган Президент Садыр Жапаров 20-апрелде, Бишкекке кайтып келди.