Жаңылыктар
"Жунда" ишкана качан иштейт?
Экономика
"Жунда" ишкана качан иштейт?

 Мунайды кайра иштетүүчү “Жунда” заводунун тегерегиндеги абалды бүгүн коомдук ишмерлер талкуулашты. Алар чет өлкөлүк инвестор камакка алынганы үчүн укук коргоо органдарын сынга алышты. Саясат таануучу Бакыт Бакетаевдин айтымында, фискалдык органдар жалпы элдин кызыкчылыгын эске алып, мындай учурларда өтө кылдат иштеши керек. 

Белгилей кетсек, мурдараак “Джунда” заводунун башкы эсепчиси кармалып үй камагына койо берилсе, жетекчинин орун басары эки айга убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы аларды салыкты жашырган деп күнөөлөп жатат. Ал ортодо мунайды кайра иштетүүчү завод ишин токтоткон. Бирок буга фискалдык органдар тиешеси жоктугун билдиришкен. Заводдун кызматкерлери болсо жумушту токтотууга - алардын эң керектүү имараттары мөөр басылып жабылганы себеп,- деп айтышууда.