Коомдук телерадиоберүү корпорациясы менен Өзбекстандын Улуттук телерадиокомпаниясы кызматташат. Коңшу өлкөнүн Кыргызстандагы ыйгарым укуктуу элчиси Хуршид Мирзахидов КТРКнын эмгек жамаатынын иши менен таанышты.
Жолугушууда эки мамлекеттин алакасын, достугун телекөпүрө аркылуу даңазалап, чагылдыруу зарыл экени белгиленди. Мындан сырткары кызматкерлердин тажрыйба алмашуусуна шарт түзүү маселеси көтөрүлдү.