Жаңылыктар
Өлкө башчынын катышуусу менен футзал боюнча «Мурас» мелдеши өтөт
Спорт
Өлкө башчынын катышуусу менен футзал боюнча «Мурас» мелдеши өтөт

4-5-май күндөрү Бишкекте футзал боюнча «Мурас»достук мелдеши өтөт. Аталган оюндар коомчулуктун ар кайсыл чөйрөсүнөн тарта, спорт жана футбол сүйүүчүлөрүн камтып, салттуу түрдө бир жылда эки жолу өтүп турат. Буга окшогон иш-чаралар өлкөнүн ар кыл тармактарынын өкүлдөрү арасында өз ара кызматташтыкты жана өнөктөштүктү бекемдөө үчүн өтөт. Мелдештин башкы максаты - өлкөдөгү спортту өнүктүрүү жана дени сак жашоо образын жайылтуу. 

Эскерте кетсек, өткөн жылдын декабрь айында ата-мекендик футболдун жүз жылдыгына арналып өткөн оюндар, «Мурас» мелдешин уюштурууга негиз болду. 

Оюндар Кыргыз футбол союзунун демилгеси менен, Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын жардамы, андан сырткары өнөктөштөрдүн катышуусу менен орун алат.  

Мелдеште 12 команда ойнойт: 

Президент Администрациясынын командасымаданият, бизнес, ЖМК, спорттук федерация өкүлдөрү жана футбол ардагерлери, Жогорку Кеңештин депутаттарыоблус жана шаар жетекчилигидин кызматкерлеричет өлкө элчилери,бейтапкана жана окуу-жайлардын мүдүрлөрү.