Жаңылыктар
Кыргыз-казак чек арасында кезекте 90 жүк ташуучу унаа турат – ӨКМ
Чек ара
Кыргыз-казак чек арасында кезекте 90 жүк ташуучу унаа турат – ӨКМ

Ушул тапта кыргыз-казак "Ак-Тилек" чек ара өткөрмө жайында кезекте 90 оор жүк ташуучу унаа турат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, "Ак-Тилек" чек ара постунда жана Бишкек - Нарын - Торугарт унаа жолунун 31-33-чакырымдарында 16-апрелден бери төрт даана чатыр орнотулуп, сегиз куткаруучу, тез жардам кызматынан бир бригада жана үч милиция кызматкери нөөмөттө турат. 21-апрель күнү 130 айдоочуга тамак-аш берилген.