"Айыл чарбасын каржылоо - 10" долбоору боюнча мурда бөлүнгөн 1,8 млрд сомдун ичинен "РСК банк" тарабынан республика боюнча жалпы 1 млрд 337 млн 869 миң сом насыя берилди.
Ал эми "Айыл банк" аркылуу дыйкандар менен фермерлер 1,2 млрд сомго жеңилдетилген насыя менен каржыланды.
Жалпы бөлүнгөн сумманын 50%ы мал чарбачылыгына, 25%ы өсүмдүк өстүрүүчүлүккө жана 25%ы айыл чарба продукциясын кайра иштетүүгө берилиши керек.