Жаңылыктар
УКМК кызматкерине пара берүү учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери кармалды
Кылмыш
УКМК кызматкерине пара берүү учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн бухгалтери кармалды

Финансы-чарбалык ишмердикти текшерүүнү токтотуу үчүн УКМК кызматкерине пара берүүгө аракет кылган учурунда Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн башкы бухгалтеринин орун басары кармалды. Бул тууралуу УКМКнин маалымат кызматы кабарлады. 

21-апрелде жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Сокулук райондук билим берүү бөлүмү тарабынан мамлекеттик сатып алуулардын мыйзамдуулугун текшерүүнү токтотуу максатында аталган мекеменин ыкчам кызматкерине 20 миң сом өлчөмүндө пара берүүгө аракет кылып жаткан жеринен жаран кармалган. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.