Жаңылыктар
Үйлөрдүн документтери жоктугунан коррупция күч алууда
Кыргызстан жаңылыктары
Үйлөрдүн документтери жоктугунан коррупция күч алууда

Кыргызстандагы “Көчмөндөр” ассоциациясы жана бир катар активисттер эгин аянттарынын жана башка багыттагы жерлердин турак-жай курулушу үчүн берилиши, башкача айтканда трансформация маселеси кечигип жатканына тынчсызданууда. 

Алар бүгүн бул боюнча митинг өткөргөнү жатышат. Алар жер тикелеринин, ага салынган үйлөрдүн документтери жоктугунан улам коррупция күч алып жатканын белгилешет.

Өкмөттүн бул багыттагы мыйзамы биринчи окуудан өткөн бойдон турат. Парламентте бул боюнча өзүнчө мыйзам долбоору иштелип чыгып коомдук талкууга коюлган.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө үч жүз миңге жакын жаран транформация маселесинин чечилишин күтүп жатканы айтылууда.