Жаңылыктар
Креативдүү экономика – бул жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол
Кыргызстан жаңылыктары
Креативдүү экономика – бул жаратмандык аркылуу элибиздин туруктуу өнүгүүсүнө ишенимдүү жол

21-апрелде Президент Садыр Жапаров “Креативдүү экономиканы өнүктүрүү жана Кыргыз Республикасын прогрессивдүү өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыкка кол койду. Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын чечими менен 21-апрель Бүткүл дүйнөлүк чыгармачылык жана инновациялык аракеттенүү, (креативдик экономика) куну катары бекитилген Ал гана эмес, 2021-жыл ошол эле Бириккен Улуттар Уюмунун чечимине ылайык креативдүү экономика жылы, деп жарыяланган болчу. Инновациялык ишкерликке кийинки жылдарда дүйнө жүзүндөгү пайда болгон кызыгуунун улам артып баратышына эмне себеп болду?