Кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков жана Ислам Орозбеков Монголиядагы эркин күрөш боюнча Азия чемпионатында коло медаль утту. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтында айтылат.
Үчүнчү орун үчүн күрөштө Улукбек Жолдошбеков 61 кг салмакта индиялык балбанды 6:4 эсебинде жеңсе, Ислам Орозбеков өзбекстандык спортчуну 11:0 эсебинде утту. Азия чемпионатында буга чейин Кыргызстандын грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча спортчулары жалпы 12 медаль багындырышты. Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков, Акжол Махмудов, Айпери Медет кызы алтын медаль.
Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Эрназар Акматалиев күмүш медаль. Ал эми Алмаз Сманбеков, Адилхан Нурланбеков, Арсалан Будажапов, Үзүр Жузупбеков, Роман Ким коло медаль утту. Чемпионат 19-24-апрель аралыгында Улан-Батор шаарында өттү. Эскерте кетсек, Монголиядагы Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан жалпы 21 балбан аттанган.