Жаңылыктар
«Газпром нефть Азиянын» 10 жылдык мааракеси өттү
Экономика
«Газпром нефть Азиянын» 10 жылдык мааракеси өттү

Энергетикалык коопсуздукту камсыздоо жана экономиканын отун-энергетикалык тармагын өнүктүрүү – Өкмөттүн артыкчылыктуу багыты. 

Бул тууралуу премьер-министр Сооронбай Жээнбеков 20-сентябрда, «Газпром нефть Азия» компаниясынын 10 жылдык мааракесине карата өткөн салтанаттуу иш-чарада билдирди. 

"Газпром нефть Азия" Кыргызстан жана Орусиянын өз ара пайдалуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн мисалы деди өкмөт башчы. 

Салтанаттуу иш-чарага президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов баштаган бир катар бийлик өкүлдөрү, депутаттар катышты.