Жаңылыктар
Кыргызстан-Түркия кызматташтыгы. Ички иштер министринин Түркияга болгон иш сапары аяктады
Кыргызстан жаңылыктары
Кыргызстан-Түркия кызматташтыгы. Ички иштер министринин Түркияга болгон иш сапары аяктады

Ички иштер министри Улан Ниязбеков баштаган Кыргызстан делегациясынын Түркияга болгон иш сапары жыйынтыкталды. 

Маалыматка ылайык, иш сапардын алкагында министр Улан Ниязбеков Анкарада Түркиянын вице-президенти Фуат Октай, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын төрагасы Мустафа Шентоп, Түркиянын ички иштер министри Сулайман Сойлу менен өз ара кызматташтыктын алкагында жолукту. 

Анда эки өлкөнүн экономикалык, саясий жана маданий кызматташуусу, коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашуу демилгесин мындан ары да ишке ашыруу жана укук коргоо органдарынын өз ара тыгыз кызматташуусун жаңы тепкичтерге көтөрүү маселелери жогорку деңгээлде талкууланды. 

Жолугушуунун жүрүшүндө түрк полициясынын коомдук коопсуздукту камсыздоодогу жетишкендиктери, санариптештирүү иштери, анын алкагында электрондук башкаруу тармактары, кылмыштуулуктун алдын алуу жана аны менен күрөшүүдө ДНК лабороторияларын ачуу жана иш алып баруу, биометрикалык технологияларды жана учкучсуз учуучу аппараттарды колдонуу иштери менен таанышты. 

Бул ыкмаларды жана технологияларды кыргыз милициясынын ишмердүүлүгүнө киргизүү, аларды натыйжалуу колдонуу иштерин жакындан көрүп, таанышуу максатында боордош түрк кесиптештер менен өз ара кызматташууну бекемдөө керектиги белгиленди. Иш сапардын алкагында ИИМ делегациясынын мүчөлөрү Түркия ИИМинин бир катар түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгү менен таанышты.