Жаңылыктар
Күжүрмөн күчү менен таң калтырган Алексей Тепляшин
Спорт
Күжүрмөн күчү менен таң калтырган Алексей Тепляшин

Спортчу Алексей Тепляшин темир жол вагонун ордунан жылдырып, Кыргызстанда рекорд койду. 

Балбан жонуна илинген кайыш кур менен чиркештирилген 4 вагонду жана ага салынган жүктү дээрлик 8 метр аралыкка чейин сүйрөгөн. Жүктүн жалпы салмагы 100 тонна 150 кг-ды түзгөн.

Алексей Тепляшин бул сынакка жарым жылдан ашуун даярданган. Ал өзүнүн 40 жашка чыккан туулган күнүндө максатын ишке ашырды. Темир жол вагонун оордунан жылдыруу боюнча жаңы натыйжаны ал Кыргызстан элине арнай турганын билдирди. Буга чейин "Ташчайнар" деген ат менен белгилүү Нурлан Алишеров 37 тонна учакты тиши менен ордунан жылдырып, сүйрөгөн.