Жаңылыктар
“Сезим” кризистик борбору “Эрктүү айым” медалын аялдарга тапшырды
Кыргызстан жаңылыктары
“Сезим” кризистик борбору “Эрктүү айым” медалын  аялдарга тапшырды

Аталган сыйлыкка  башынан оор турмушту кечирип, бирок ага моюн  сунбай жашоосун жакшы нукка буруп өмүр сүргөн 10 аялга  берилди. Бул медал“Сезим” кризистик борбору тарабынан негизделип, аталган борбордо психологиялык жардам алып жаткан кардарлар ээ болду. 

Мындай медал тапшыруунун максаты, кыйын кырдаалда жашаган аялдарга жакшы жашоого үмүт бар экенин далилдеп моралдык көрсөтүү дешет адистер. 

Жыл сайын аталган борборго 300дөн ашык айым кайрылат. Алар 1 ай борбордо жашап өзүнө келгенден кийин ылайыктуу жумуш таап жашоосун улантат

Бирок “Сезим” кризистик борбору психологиялык жардам алып кеткен аялдарды өз көзөмөлүнөн чыгарбайт. 

Кошумчалай кетсек аталган борбор өз ишмердүүлүгүн 10 жылдан  бери улантып келет.

Бегайым Абдыкадырова