Жаңылыктар
Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин кабыл алды
Кыргызстан жаңылыктары
Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрин кабыл алды

Президент Садыр Жапаров Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманованы кабыл алды. 

Жолугушууда Мамлекет башчысына аткарылып жаткан иштердин негизги багыттары, жаратылышты коргоо жана жер казынасын пайдалануу тармагында, анын ичинде Кыргызстандын акыркы бир жарым жыл ичиндеги жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл маселелери боюнча жетишкендиктери тууралуу маалымат берилди.