Кыргызстандын Улуттук банкы 2022-жылдын 25-апрелинде эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Чечим 26-апрелден тартып күчүнө кирет, - деп айтылат Улуттук банктын расмий сайтында.
Улуттук банк тышкы жана ички экономикалык чөйрөнүн өнүгүү шарттарын эске алуу менен эсептик чен өлчөмүн 14 пайыз деңгээлинде сактап калуу чечимин кабыл алды. Жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясаты Кыргызстанда инфляциялык тобокелдиктерди ооздуктоого жана инфляциялык күтүүлөрдү төмөндөтүүгө багытталган.
Негизги чендин бул деңгээли өлкөнүн макроэкономикалык шарттарына ылайык келет жана экономикада орун алган тобокелдиктер боюнча Улуттук банктын саясатын чагылдырат. Улуттук банк түптөлгөн жагдайды туруктуу негизде көзөмөлдөп турат жана зарыл болгон учурда орто мөөнөткө каралган мезгилде баа туруктуулугун камсыздоо максатына жетүү үчүн тиешелүү чараларды көрөт.