Жаңылыктар
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү
Кыргызстан жаңылыктары
Быйыл ажылык сапарга Кыргызстан үчүн 2766 квота бөлүндү

Сауд Арабиясы быйылкы ажылык сапарга өлкө үчүн 2 миң 766 квота бөлдү. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынан билдиришкендей, 2022-жылы ажылык сапарга баруу үчүн электрондук тизмеге катталган талапкерлер 25-апрелден тартып беш күн ичинде төлөм жүргүзүшү керек. 

Талапка ылайык, ажыга бара тургандар 65 жашка чейин, COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөн жана ПЧР тесттин таза жыйынтыгын көрсөтүшү зарыл. Эске салсак, пандемиядан улам 2 жылдан бери Мекеге ажылык кылуу токтотулган болчу.