Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сел жүрүү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 27–апрелдеги туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.