Жаңылыктар
Камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны дээрлик 2 эсе көбөйдү
Экономика
Камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны дээрлик 2 эсе көбөйдү

2021-жылы өлкөдө камсыздандыруу боюнча түзүлгөн келишимдердин саны дээрлик 2 эсе көбөйдү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди. Түзүлгөн келишимдер боюнча камсыздандыруунун суммасы 2020-жылга салыштырмалуу 45 пайызга көбөйүү менен 967 миллиард сомдон ашкан.

Жыл ичинде 8 миңден ашык камсыздандыруу учурлары катталган. Анын ичинен басымдуу бөлүгү, тагыраагы, 66 пайызы ыктыярдуу медициналык камсыздандырууга туура келди.

Зыяндын ордун толтурууга жумшалган каражаттын 57 пайызы ыктыярдуу мүлктү камсыздандырууга, 24 пайызы жеке медициналык камсыздандырууга берилген.